Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын (мындан ары - ЖОЖ) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) - республика үчүн даярдоонун артыкчылыктуу багыттары (адистиктери) боюнча адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик заказга киргизилген даярдоо багыты (адистиги) боюнча ЖОЖдо жеке жакты (мындан ары - грант алуучу) окутууга акы төлөөгө берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары.
3. ЖОЖдордун чыгашалар сметасын түзүү жана бекитүү мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) бекитүүчү бирдиктүү бюджеттик классификация боюнча аныкталат.
4. ЖОЖдордун жалпы чыгымдарын грант өлчөмдөрүнүн жана грант алуучулардын санынын негизинде аныктоо ведомстволук ЖОЖдору бар тармактык министрликтер менен ведомстволордун (мындан ары - тармактык министрликтер) функциясы болуп саналат.
2. ЖОЖдорду бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
5. Финансы министрлиги, тармактык министрликтер ЖОЖдун чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгашалардын бирдиктүү аккумуляциялык беренеси боюнча каржылайт, буга жетим балдардын арасындагы студенттерге стипендия төлөөгө жана тамак-ашына кеткен чыгымдар кирбейт, аларды каржылоо бюджеттик классификациянын тиешелүү беренелери боюнча жүргүзүлөт.
6. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин тармактык министрликтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген даярдоо багыттары (адистиктери) боюнча грант алуучулардын санына жана гранттын көлөмдөрүнө жараша келерки жылдагы бюджеттик чыгымдардын контролдук көрсөткүчтөрүн аныкташат.
7. Эсептөөгө пландалган жылдын 1-январына карата даярдоо багыттары (адистиктери) боюнча бөлүштүрүлгөн грант алуучулардын саны киргизилет.
8. ЖОЖдорду келерки финансылык жылга карата бюджеттик каржылоонун көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Бi - i-ЖОЖду бюджеттик каржылоонун көлөмү;
БГ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли;