Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 15-июну № 318

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 "Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы "көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону" деген сөздөр "көлөмдөрүн декларациялоо тартибин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-144) 2-тиркемеге ылайык;

- Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-145) 3-тиркемеге ылайык;

- Кийинки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-146) 4-тиркемеге ылайык;

- Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларациянын формасы (FORM STI-147) 5-тиркемеге ылайык;