КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 12-июлу № 385
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Илим жана инновациялык иш, ошондой эле нанотехнологиялар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын илимий уюмдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүн илимий камсыздоо маселелеринде өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы, 1 жана 2-пункттардагы "Илим жана инновациялар боюнча" деген сөздөр "Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "Илим жана инновациялар боюнча" деген сөздөр "Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "илимий уюмдардын" деген сөздөр "илимий-изилдөө мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
экинчи абзац "илим" деген сөздөн кийин "жана инновациялар" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы "илимий уюмдар" деген сөздөр "инновациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында илимий-инновациялык ишти активдештирүү жана өбөлгөлөө жөнүндө мамлекеттик органдардын, ата мекендик, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин сунуштарын кароо;