Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 25-июлу № 414
Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 , 2019-жылдын 1-июлундагы № 335, 2019-жылдын 22-августундагы № 423, 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2019-жылдарга төмөнкүлөргө мораторий белгиленсин:
- иштеп жаткан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, ушул токтомдун 2 , 2-1 жана 2-2 пункттарында аталган учурларды кошпогондо, штаттык санынын чегин көбөйтүүгө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595, 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун таасири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөрүнө жайылтылат, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечимдеринде каралгандан башка учурларда.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ушул токтомдун 1-пунктунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо үчүн башкармалык түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, жеке жактарды жеке ишкер катары каттоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин декларацияларын чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу, этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функциялар салык кызматынын органдарына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жайылтылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595, 2019-жылдын 1-июлундагы № 335, 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Ушул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүүгө карата колдонулбайт.