Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 3-февралы № 63
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегинде) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- бүткүл текстиндеги "ТКМ", "МММТМ", "Дене тарбия жана спорт мамагенттик (ДТССМА, ДТжСМА)", "КМ", "МБА", "СӨМ", "АЧжММ", "ГМРМА" деген аббревиатуралар жана сөздөр тиешесине жараша "ТЖМ", "ММТМ", "Жаштар жана спорт агенттиги", "Коргоо комитети", "МТБМК", "ЭСӨМ", "АЧТММ", "ӨЭЖМК" деген аббревиатуралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-главада:
төмөнкүдөй мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын:
38-1 | Жогорку окуу профилдик тереңдетип окутуу менен жалпы орто билим берүү | жайларында предметтерди | БИМ | БИМ, ССМ | Акы төлөнөт |
109-пункттагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
110 жана 111-пункттардагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "БИМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 3-главада:
1-3-пункттардагы "ЭМЖМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;