Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 205/68/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому

2016-жылдын 29-февралы № 93/76/5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

Т.А. Сариев

 

Т. Абдыгулов

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Экономика маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары,

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;