Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы № 444
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 10-августу № 564
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128,
135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин
талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 229, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 246, 2017-жылдын 23-июнундагы № 407, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79, 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планынын ("жол картасынын") 4 жана 6-пункттарын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр расмий тилде бекитилсин:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ташып өткөрүлүүчү эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү, интернет-соода аркылуу сатып алынган товарларды бажылык декларациялоонун жана бажылык контролдоонун тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)