Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 25-апрели № 214

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгынын суммасын эсептөө тартибин регламенттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга инфляциянын коэффициенти 1,034 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Ш Жээнбеков