|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна) |
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281, (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын баардык аймагындагы бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) мектептерди, бала бакчаларды, китепканаларды, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;
2) калкты каттоо, социологиялык иликтөөлөр;
3) социалдык-маданий багыттагы объекттерди архитектуралык эстеликтерди, музейлерди, комплекстерди реконструкциялоо;
4) аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, токой парк чарбасын, эс алуу жана туризм зоналарын өнүктүрүү;
5) суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;
6) мезгилдүү айыл чарба жана ирригациялык жумуштарды, токой чарбасындагы жумуштарды, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү;
7) алыскы аймактардын иш менен камсыз болбогон калкын тейлөө (агенттер катарында);
8) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер;
9) техникалык жана сметалык экспертизаларды жүргүзүү;
10) эмгек ишинин башка багыттары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү) иш издөө максатында катталган жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга укуктуу.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө 6 айдан ашык каттоодо турган, өзүнүн багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар артыкчылык укугун пайдаланышат.
2-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун тартиби жана мөөнөтү
5. Калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн катышуусу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар туруктуу жумуштарды алмаштырбастан, убактылуу же сезондук мүнөздөгү иштерди аткарууда уюмдардын муктаждыктарын ишке ашыруу үчүн уюштурулат.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө уюштурулган учурлардан тышкары, бул жумуштарды уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен иш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлөт.
Келишимде коомдук иштерди аткаруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат, атап айтканда:
- жумуштардын түрлөрү, көлөмү жана аткаруу мөөнөттөрү;
- тартылган жумушчулардын саны;
- эмгек акы жана каржылоо булактары;
- жумушчуларды жабдуулар, аспаптар жана эмгек милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон башка каражаттар менен камсыз кылуу чыгымдары.
Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууга үчүнчү (же андан көп) тең каржылоочу тарап катышкан учурда, бул учурда үч тараптуу (же көп тараптуу) келишим түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Иш берүүчү келишимге ылайык жумуштарды уюштурууга жана аткарууга жоопкерчилик тартат.
7. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын катталган жерине карабастан жыл ичинде 6 айдан ашпаган жалпы узактыкта акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жибериши мүмкүн.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн 10 айлык мөөнөткө агенттер тартылат. Агенттерди тартуунун жана иштөөнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.