Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 29-августу № 463
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Пенсиялык камсыздоо системасын мындан ары өнүктүрүү, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компаниялары үчүн пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешесин эсептөөнүн тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
1. Негизги жоболор
1. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) жана топтолмо пенсиялык фонддор (мындан ары - ТПФ) - Соцфонд, ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компанияларга берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону жана алардын жайгаштырылышын контролдоонун тартибин, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттардын курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптарды, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компанияларына пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешесинин эсептеринин тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- пенсиялык активдердин шарттуу бирдиги - башкаруучу компания тарабынан аларды инвестициялык башкаруунун натыйжасында пенсиялык активдердин өзгөрүүсүн мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу жана ушул Эрежелерге ылайык эсептелүүчү ТПФ пенсиялык активдеринин салыштырма чоңдугу;