Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 5-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Автотранспорт каражаттары үчүн цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин берүү тартибин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуудан алынган пайданын 91 пайызы республикалык бюджетке которулууга тийиш экендиги, пайданын 9 пайызы цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын эсебине жибериле тургандыгы белгиленсин.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "ачык аукцион", "аукцион" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "онлайн-аукцион" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3 жана 16-пункттарындагы "www.gosnomer.sciu.kg" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлө турган жеке адамдарга цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу методу;";