КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 480 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 164, 2023-жылдын 23-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурс өткөрүүнүн тартибин, мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин типтүү формасын жана аны түзүүнүн жана жокко чыгаруунун, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын конкурс өткөрүүдөгү чыгымдарынын ордун толтуруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) конкурстун негизде берилет.
3. Кыргыз Республикасынын мергенчилик жерлери төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) кимдир-бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу белгиленген тартипте берилген мергенчилик жерлери;
2) кимдир-бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик жерлери (бош мергенчилик жерлери).
4. Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы адистешкен аңчылыкты уюштуруу уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистерин тартуу менен (чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу процессинде) юридикалык жактардын аларда мергенчилик чарба ишин жүргүзүү үчүн (мергенчилик чарбаларын уюштуруу) арналган мергенчилик жерлеринин чектерин жана участокторунун аянттарын аныктайт.
2. Белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү комиссиясын түзүү, түзүмү жана укуктуулугу
5. Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугуна конкурс өткөрүүнү (мындан ары - конкурс) жүзөгө ашырууну координациялайт.
6. Конкурсту уюштуруучу болуп аталган Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Конкурс уюштуруучу) тийиштүү буйругу менен атайын комиссияны түзөт (мындан ары - Комиссия), анын ишин камсыздайт, конкурсту уюштурат жана өткөрөт.
7. Комиссиянын курамы кеминде 7 адамдан түзүлөт, бирок 11 адамдан ашпайт.
8. Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөрдүн бирден өкүлдөрү кирет: