Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 5-августу № 431
2016-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын кошпогондо), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды жабууга төмөнкүдөй атайын каражаттарды (демөөрчүлүк, гуманитардык жардам жана максаттуу багыттарды гранттар түрүндө түшүүчү каражаттарды кошпогондо) жумшашсын:
2016-жылдын башталышына карата өтмө калдыктарды;
2016-жылы кварталдык пландан ашыкча түшүүлөрдү;
учурдагы сметалык багыттоолорду;
- бюджеттин учурдагы айырмасын жабууга чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен бошотулган бюджеттик каражаттарды кайра багытташсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө сметалык багыттоолорго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды жабууга төмөнкүдөй атайын каражаттарды (демөөрчүлүк, гуманитардык жардам жана максаттуу багыттагы гранттар түрүндө түшүүчү каражаттарды кошпогондо) жумшоо сунушталсын:
2016-жылдын башталышына карата өтмө калдыктарды;
2016-жылы кварталдык пландан ашыкча түшүүлөрдү;