Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 24-октябры № 558

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинде:

бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

22-пункттун 2-таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 32-33-позициялар менен толукталсын:

"

32

Адвокаттар коллегиясы

АК

33

Адвокаттык бюро

АБ

";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жоопкерчилиги чектелген коомдун типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча жоопкерчилиги бар коомдун типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ачык акционердик коомдун типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жабык акционердик коомдун типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык кооперативдин типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дыйкан чарбанын типтүү уставынын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталышы" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген каттоо арызынын формасынын III бөлүмүнүн а) пунктчасындагы "аталышы" деген сөз "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков