Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 30-декабры № 714

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук ишканаларынын аткарган милдеттеринин жана функцияларынын сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жободо:

- 8-пункттун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Комитеттин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана ишканаларына, ошондой эле алардын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүүгө.";

- 9-пункттун төртүнчү абзацы "Комитеттин ведомстволук ишканалары үчүн" деген сөздөрдөн кийин "кайтарымдуу же бекер негизде" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "геологиялык маалыматтар ресурстарын даярдоого түздөн түз катышкан" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков