Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 10-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн координациялоону жана натыйжалуу чара көрүүнү камсыздоо, макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүү механизмин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.”;
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ.”;
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун учурдагы ишке ашыруу маселелерин кароо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоо пландалган мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу;”;
5-главада: