Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 28-августундагы № 592

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 8-февралы № 78

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы

№ 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык

бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен

кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө"

токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 113-пункт менен толукталсын:

113

Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюму (ЮНИДО)

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 59-пункт менен толукталсын:

59

Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюму (ЮНИДО)

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков