Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги кыскартылуучу штаттык бирдиктердин эсебинен тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 33 штаттык бирдикти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)