Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 26-августундагы № 525, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын жол чарбасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, расмий жана мамлекеттик тилде аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн эмблемасы, штампы, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүлүп жаткан каражаты, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында эсептери бар.
4. Департаменттин уюштуруу укуктук формасы - мекеме.
5. Департаментти кармоого кете турган чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Департаменттин юридикалык жак статусуна ээ ведомстволук уюмдары бар.
8. Департамент Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет (мындан ары - Министрлик).
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Министрлик Департаменттин штаттык санын, чыгашалар сметасын, түзүмүн, башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын штаттык расписаниесин Министрликтин белгиленген штаттык санынын чегинде бекитет.
10. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".