Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 6-марты № 142

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2017" деген цифралар "2018" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков