Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 157
Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Координациялык кеңешке көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен түзүлгөн Улуттук координациялык бюро Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун кызматташуусу боюнча бардык архивдик материалдарды жана кат алышууларды тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча өткөрүп берсин.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомунда аныкталган, ошондой эле," деген сөздөр алып салынсын.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтому.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |