Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 10-февралы № 93

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кредиттөө шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Ресупубликасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомго тиркемеде:

- 1-главадагы таблицанын үчүнчү сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Кредиттин мөөнөтү

Бардык тармактар үчүн – 36 айдан ашык эмес

-8-главанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- бардык тармактар үчүн кредитти төлөө мөөнөтү – 36 айдан ашык эмес;”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Жээнбеков