Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 токтому менен бекитилген |
Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул, Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартиби (мындан ары - Тартип) Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясат жөнүндө протоколго (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 24 тиркеме), "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жалпы пайдалануудагы темир жол транспорт уюмдарынын, кардарлардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы мамилелерге колдонулат.
2. Бул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер - Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон мамлекеттер;
темир жол транспортунун кызматтарына мүмкүндүк алуу - ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин темир жол транспорт уюмунун ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин керектөөчүлөрүнө ЕАЭБге мүчө биринчи мамлекеттин керектөөчүлөрүнө көрсөтүлгөн шарттан кем эмес шарттарда көрсөткөн тейлөө кызматтары;
темир жол транспорт уюму - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин керектөөчүлөрүнө темир жол транспорт кызматтарын көрсөтүүчү жеке же юридикалык жагы.
3. Темир жол транспорт уюмдары керектөөчүнүн ЕАЭБге мүчө болгон бул же тигил мамлекетке таандык экендигине, анын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан бул Тартипке жана "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектөөчүнү темир жол транспортунун тейлөө кызматы менен камсыздайт.
4. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын инфратүзүмдүн кызматтарынан пайдалануусу бул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн принциптерге жана талаптарга ылайык камсыздалат.
Бул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелеринин жоболору ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин инфратүзүм участокторунда локомотивдерди жана локомотивдик бригадаларды пайдалануу боюнча тейлөө кызматтарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын ортосундагы мамилелерге колдонулбайт, андай кызматтар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мындай ташуучулардын ортосундагы түзүлүүчү келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде көрсөтүлөт.
5. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүнүн алкагында темир жол транспортунун башка тейлөө кызматтарынын тартиби жана шарттары зарыл болгон учурда ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдер менен аныкталат.
6. Темир жол транспортунун жүк, жүргүнчү, жол жүк жана таңгакталган жол жүктү ташуу боюнча тейлөө кызматтарынын тарифтери жана (же) алардын чектүү деңгээли (баа чектери) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашуу менен, Тартипти ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтерди дифференциациялоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу жана төмөндөгү принциптерди сактоо менен белгиленет (өзгөртүлөт):
1) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө түздөн-түз тиешелүү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтуруу;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык темир жол транспортун өнүктүрүүнү камсыздоо;
3) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин транспаренттүүлүгүн, ошондой эле экономикалык шарттар кескин түрдө өзгөргөндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге алдын ала маалымдоо менен мындай тарифтерди жана (же) алардын чектүү деңгээлин (баа чектерин) кошумча кайра кароо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
4) темир жол транспортунун тейлөө кызматтарынын тарифтерин белгилөө жөнүндө чечимдердин элге маалым болуусун камсыздоо;
5) табигый монополия шарттарында көрсөтүлүүчү темир жол транспортунун тейлөө кызматтарында жүктөрдүн номенклатурасын жана тарифтерди аныктоодо калыс мамиледе болуу.