Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 203 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтото туруунун, жаңыртуунун жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт.

2. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке медициналык иш менен иштөөнү каалаган жеке жана юридикалык жактар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.

3. Жеке медициналык ишке лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.

2. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер

4. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:

4.1. жеке жактар үчүн:

1) белгиленген формадагы лицензияны алууга арыз;

2) өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

3) уюштуруу документинин көчүрмөсү (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк);

4) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдарды төккөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

5) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (онлайн режиминдеги идентификациялык салык номери менен контролдук-кассалык машинанын карточкасы) ыйгарылгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;