Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 15-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
4-главада:
- 43-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 44-главадагы "УКМК," деген аббревиатура алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 76-1-пункту менен толукталсын:
76-1 | Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүн тезинен каттоо | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акы төлөнөт |
|
|
|
|
|
- 82-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
82 | Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акы төлөнөт |
|
|
|
|
|
- төмөнкүдөй мазмундагы 82-1-пункту менен толукталсын: