Загрузка…
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана турган жери боюнча каттоо тартиби
Оператор | 1. ДМБ АМСке ЭКТ ачкычы аркылуу кирет (логин жана паролду киргизет). |
Арыз ээси | 2. Паспортту (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта); Арыз ээсинин инсандыгын аныктаган документтин ылайыктуулугун текшерет. |
Оператор | 3. ДМБ АМСте арыз ээсинин аты-жөнүн толук киргизет. Арыз ээсинин ИЖНи жок болсо каттоону токтотуп, арыз ээсинин РАБга кайрылуусун арыз ээсине маалымдайт. ЖААК АМСте кош ИЖН же документтеги аты-жөнү туура эмес окулушу текшерилет. Эгерде арыз ээсинде ИЖН туура эмес болсо, туулган жылы, айы, күнү же тамгалары туура келбесе, жаранга РАБга кайрылуусу керектигин билдирет. |
Оператор | 4. Бул Тартиптеги тизмеге ылайык документтерди текшерет. Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери арыз ээсин РАБ башчысына кайрылуу керектигин билдирүүгө милдеттүү. Мында үч нускада акты түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде РАБга жиберилет, экинчиси – фронт-кеңседе калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет.
|
Оператор | 5. ДМБ АМСте арыз ээсинин ИЖНи киргизилет, жаранды идентификациялоо Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) камтылган маалыматтардын негизинде каттоону эсепке алуу органы тарабынан аныкталуучу тартипте беттин графикалык сүрөтүнүн негизинде, КБМР камтылган жеке маалыматтардын негизинде жаранды идентификациялоо, анын ичинен анын аты-жөнүнүн шайкеш келишин текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРде биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү менен жүргүзүлөт. 6. Эгерде арыз ээси каттоо эсебинде турса, катталгандыгы жөнүндө маалымат чыгат, эгерде арыз ээси укук коргоо органдары тарабынан издөөдө болсо, “Издөөдө” белгиси чыгат. Бул учурда каттоо жүргүзүлбөйт. Эгерде арыз ээсинде сот чечимдеринин аткаруучуларынын бөгөт чарасы болсо, арыз ээсине ал маселени чечүү боюнча РАБга кайрылууну сунуштайт. |
Оператор | 7. Эгерде берилген документтер тизмеге ылайык жетишсиз болсо, керектүү документтерди берүү сунушталат. |
Оператор | 8. Арыз ээсинин документтери текшерилет. Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери арыз ээсин РАБ башчысына кайрылуу керектигин билдирүүгө милдеттүү. |
Оператор | 9. Арыз ээси турак жайдын ээси болгондугу тастыкталса, турак жайга ээлик кылуу документтери талап кылынбайт. Эгерде турак жайга каттоо эсебине алууга макул болгон адам турак жайдын ээси болбосо, каттоо токтотулат жана арыз ээсине турак жайдын ээси жеке өзү келиши же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керек экендиги арыз ээсине айтылат. |
Оператор | 10. Берилген документтер текшерилгенден кийин, жаранды жашаган жери боюнча каттоо ДМБ АМСтин “каттоо” модулун колдонуу менен беттин графикалык сүрөтүнүн негизинде ишке ашырылуучу, КБМРде камтылган жеке маалыматтардын негизинде жаранды идентификациялоо, анын ичинен анын аты-жөнүнүн шайкеш келишин текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРде биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. 10.1 Турак жайдын документтери болгон учурда, издөө кыймылсыз мүлктүн бирдиктеринин коду (ЕНИ код) жүргүзүлөт, турак жайдын документтери болбосо издөө турак жайдын дареги жана беттин графикалык сүрөтүнүн негизинде ишке ашырылуучу, КБМРде камтылган жеке маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт, турак жайдын ээси жок болгон учурда турак жайдын ээсинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты сканерден өткөрүлөт. 10.2 “Документтердин сериясы” модулунда арыз ээсинин паспорттук маалыматтары толтурулат. 10.3 Аскерге милдеттүүлөр (чакырыла тургандар) үчүн - мурунку жашаган жери боюнча аскердик каттоодон чыккандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билетинин (аскердик каттоо күбөлүгүнүн) биринчи жана экинчи бети сканерленет. 10.4 Төмөндөгү талаачалар толтурулат: “жарандыгы”, “улуту” КБМР жок болсо, “келүү максаты” (туруктуу, убактылуу), “туугандык мамилелери” арыз ээси менен турак жайдын ээсинин ортосунда, “туулган жери”, “келүүсү”, “билими”, “үй-бүлөлүк абалы”, “кирешенин негизги булагы”, “ишинин тармагы”, “иштеген жери”, “ээлеген кызматы”, “келгенге чейинки жашаган жери”, “аскердик кызматка милдеттүүлүгү”. 10.5 Арыз ээси жана анын үй-бүлө мүчөлөрү бир убакта катталышса “кийинки арызды кошуу” модулу аркылуу катталышат. 10.6 Арыз ээси жана турак жайдын ээси арызга кол коюшат, арыз сканерленет жана сактоого жиберилет. 10.7 Толтурулган электрондук арыз сканерленген документтер менен чогуу корголгон интернет-канал аркылуу РАБга текшерүүгө жана каттоого алууга жөнөтүлөт. |
РАБ кызматкери | 11. Толтурулган электрондук арызды текшерет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Токтомдун кабыл алынган жылы]-жылдын [Токтомдун кабыл алынган күнү (декабрь айы)]-декабрындагы № [Өкмөттүн токтомунун номери] токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) негизинде каттоого алат. |
РАБ кызматкери | 12. Жашап турган жери жана турган жери боюнча каттоого алуу жөнүндө келип түшкөн электрондук арызды 1 жумуш күнү ичинде тастыктайт. Эгерде электрондук арыз Жобого ылайык толук эмес таризделсе, кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылат. |
Оператор | 13. Кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылган электрондук арыз 1 саатын ичинде иштелип чыгып, РАБга жөнөтүлүшү керек. |
РАБ кызматкери | 14. ДМБ АМС аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны каттоо эсебине алынгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет. |
Оператор | 15. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар Кыргыз Республикасынын жараны каттоо эсебин өзгөртсө ал паспорттогу чипке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. |
Оператор | 16. Арыз ээсине документтердин түп нускасын кайтарып берет. |
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана турган жеринде каттоодо берилүүчү документтердин тизмеси
Жашаган жерин өзгөрткөн жаран жаңы жашай турган жерине келген күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен белгиленген форма боюнча арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү. Бул учурда төмөнкүлөр берилет:
- паспорт же жарандын инсандыгын ырастоочу башка документ (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- жаранды турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелүүчү документ (ордер, келишим, турак жайды берген адамдын арызы же башка документ) же анын тиешелүү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- каттоо эсебинен алдын ала чыккан учурда белгиленген форма боюнча чыгуунун даректүү баракчасы;
- аскерге милдеттүүлөр (чакырыла тургандар) үчүн – мурунку жашаган жери боюнча аскердик каттоодон чыккандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоо күбөлүгү).