Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык    КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 13-июну № 362

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 494, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 619, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоону тартипке келтирүү максатында, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:

- 15-пункттагы:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:";