Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 22-майы № 66
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 90, 2010-жылдын 2-мартындагы № 40, 2013-жылдын 24-июлундагы № 156, 2014-жылдын 26-декабрындагы № 166, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен баңги кылуучу каражаттарды, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салып, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана алар менен кыянаттык кылууга каршы багытталган жоопкерчиликти жана чаралардын тутумун белгилеп, ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу юридикалык жактардын жана граждандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй терминдер колдонулат:
баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү - буга уруксаты бар мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын жана мекемелердин баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, сатып өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга байланышкан иши;
баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин түрлөрү;
баңги кылуучу каражаттарга жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга эл аралык квота - 1961-жылдагы баңги кылуучу каражаттар жөнүндө Бирдиктүү Конвенцияга жана 1971-жылдагы акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекеттер үчүн БУУнун баңги кылуучу каражаттарга контролдук жүргүзүү боюнча Эл аралык комитети тарабынан, бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү берилген аларга болгон керектөөлөрдү эсептеп чыгаруунун негизинде коюлган баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун лимити;
мамлекеттик квота (жылдык керектөө) - Кыргыз Республикасынын баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду керектөөлөрүн эсептеп чыгуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык келишимдерге ылайык белгиленүүчү баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун эң жогорку саны, аларды мыйзамдуу жүгүртүү ушул чектерде жүзөгө ашырылат;
баңги кылуучу каражаттар - тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушул сыяктуу квалификацияланган синтетикалык же табигый жагынан пайда болгон заттар, алардын препараттары, ошондой эле өсүмдүктөр, ошого тете алардын таасиринен же алар менен кыянаттык кылуудан улам баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган башка заттар жана өсүмдүктөр;
акыл-эске таасир берүүчү заттар - тиешелүү эл аралык конвенцияларда ушул сыяктуу квалификацияланган синтетикалык же табигый жагынан пайда болгон заттар, алардын препараттары, ошого тете алардын таасиринен же алар менен кыянаттык кылуудан улам баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган башка заттар же ар кандай табигый материалдар;
прекурсорлор - эл аралык конвенцияларда баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу химиялык материалдар катарында классификацияланган заттар жана алардын туздары, ошондой эле ушул эле максатта пайдаланылуучу жана Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган химиялык заттар жана алардын туздары;