Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 17-октябры № 672
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) УИАнын илимий-изилдөө мекемелерин, УИАнын мүчөлөрүн, илимий кызматкерлерди, адистерди жана тейлөөчү персоналды бириктирген эң жогорку мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелет.
2. УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Илим жана мамлекеттин илим-техника жаатындагы саясатынын негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. УИА Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын укук мураскери болуп эсептелет.