Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 23-июлу № 96
Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 221, 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 9-июлундагы № 117, 2015-жылдын 28-майындагы № 122, 2016-жылдын 16-майындагы № 61, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 4-июлундагы N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Камсыздандыруу иши
Камсыздандыруу иши - жеке жана юридикалык жактарга акысы үчүн кызмат көрсөтүү боюнча лицензиясы бар уюмдардын иши, алардын предмети белгисиз окуя болгон учурда ушундай тобокелдикке дуушар болгон көптөгөн адамдардын арасында көп сандын калькуляциясы принцибинин негизинде тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө байланышкан камсыздандыруучунун келишимде шартталган белгилүү бир милдеттери болуп саналат.
2-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам жүзөгө ашыруу шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана анын негизинде кабыл алынган мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамлекеттик социалдык камсыздандырууга, милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүнө жана өз ара камсыздандырууга, ошондой эле камсыздандыруу келишимине таралбайт.
3. Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун исламдык принциптерине ылайык камсыздандыруу иши жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Камсыздандыруунун исламдык принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинүн актылары менен белгиленет.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу уюм (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн граждан же юридикалык жак;