Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 23-июлу № 124
Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы № 157, 2009-жылдын 27-мартындагы № 87, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 20-майындагы № 87, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам микрофинансы уюмдарынын статусун аныктап, алардын ишин жөнгө салуу менен Кыргыз Республикасындагы микрофинансы ишин жүзөгө ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруу жагынан өбөлгөлөрдү түзүүгө багытталган.
Жалпы жоболор
1-статья. Аныктамалар
1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык, микрофинансы кызматтарын көрсөтүү максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик уюм (микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик) микрофинансы уюму болуп саналат.
Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат.
Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат.
2. Микрофинансылык компания болуп акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм саналат.
3. Микрокредиттик компания болуп коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм саналат.
4. Микрокредиттик агенттик болуп, ушул Мыйзамда белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик уюм саналат.
5. Микрофинансы уюмунун аффилирленген жагы болуп - түздөн-түз же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же микрофинансы уюму тарабынан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошуп алганда) же башка бүтүмдөрдүн күчүнө таасир тийгизе алган ар кандай жеке (инсайдер) же юридикалык жактар (аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде микрофинансы уюмунун ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды эске албаганда), ошондой эле аларга карата ушул аффилирленген жак мындай укуктарга ээ болгон ар кандай адамдар (инсайдер) же юридикалык жактар саналат. Микрофинансы компаниясынын аффилирленген жагы болуп ошондой эле анын аткаруучу кызмат адамдары, анын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көбүрөөк пайызына ээ болушкан акционерлер (катышуучулар) же ар кандай ишкана таанылат.
6. "Микрокредит" - бул микрофинансы уюму тарабынан жеке жактарга же микрофинансы уюмунун уставына ылайык алар тарабынан түзүлгөн шериктештиктерге, юридикалык жактарга берилүүчү акча каражаттары.
Бир эле адамга же байланыштагы жактардын тобуна берүү үчүн микрокредиттин жана лизингдин жыйынды өлчөмдөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет жана жөнгө салынат.
7. Микрофинансы иши - бул ушул Мыйзамга ылайык микрофинансы уюмдарынын микрофинансы кызматтарын көрсөтүү жагындагы иш.
8. Микрокредиттерди берүү мыйзамдардын талаптарына ылайык кредиттик келишим боюнча, анын ичинде адамдардын тобунун субсидиардык же тилектештик жоопкерчилиги астында жол-жоболоштурулат.
9. Финансы-кредиттик уюмдардын дагы башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)