Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 16-декабры № 207
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100, 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 31-майындагы № 114, 2025-жылдын 23-январындагы № 24, 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат.
3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучунун статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшү/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт. Сот жана жоюучу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат.
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин:
2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом;
2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом;
2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом.
Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт.
Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет.