Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 31-октябры № 150
Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 100, 2004-жылдын 13-августундагы № 124, 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128 Декретинин редакциясына ылайык (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2011-жылдын 19-октябрындагы №180, 2012-жылдын 12-июлундагы №105, 2012-жылдын 6-августундагы № 151, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 , 2019-жылдын 25-июлундагы № 102, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 , 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери
Ушул Мыйзам кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун (алдын ала камакка алуунун) тартибин жана шарттарын белгилейт, ошондой эле алардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын кепилдикке алат.
Эскертүү: камакта кармоонун тартиби жана шарттары деп тергөө изоляторлорунун, убактылуу кармоо изоляторлорунун жана гауптвахталарынын режими түшүнүлөт.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда камтылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
шектүү - кылмыш жасагандыгы жагынан шек туудуруп, жазык иши козголгон же бөгөт коюу чарасы дайындалганга чейин кармоо колдонулган адам;
айыпкер - кылмыш жасаган айыпкер катары жоопко тартуу тууралу мыйзамда белгиленген тартипте токтом чыгарылган адам;
соттолуучу - өзүнө карата жазык иши сотто иш жүргүзүүгө алынган, кылмыш жасады деп айыпталып жаткан адам;