Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-июну № 84

Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6, 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

1-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-берене.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 121-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "аукциондо" деген сөздөн мурда электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "учурларда," деген сөздөн кийин электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-берене.

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

55-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Мындай сатуу электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: