Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 15-октябры № 74
Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 1999-жылдын 7-июлундагы № 64, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79,
2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2005-жылдын 7-мартындагы № 45,
2005-жылдын 4-июлундагы № 96, 2005-жылдын 10-августундагы № 146, 2006-жылдын 27-январындагы № 30,
2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2007-жылдын 13-июнундагы № 88, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247,
2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103,
2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 12-майындагы № 80, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 75 Мыйзамы менен күчүнө кирген)
1-ГЛАВА ЖАЛПЫ ЖОБОЛОP
1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп табуунун (жарыялоонун) негизин белгилейт, кудуретсиздиктин (банкроттуктун) алдын алуу боюнча чаралардын тартибин жана шартын, банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жана карыз тараптын кредиторлордун талабын толук канааттандырууга жана (же) милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерди аткарууга жөндөмсүздүгүнөн келип чыккан башка мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:
1) коммерциялык уюм болуп саналган (оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан башка) менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн чет өлкөлүк юридикалык жактарды жана чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарга, ошондой эле депозиттерди тартпаган финансылык-кредиттик уюмдарга;
2) Ушул Мыйзамда же көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнүн жана уюштуруу-укуктук тариздериндеги маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында түздөн-түз каралган учурларда, коммерциялык эмес уюм болуп саналган менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга;
3) жеке ишкерлерге карата колдонулат.
3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:
1) мамлекеттик жана башка мекемелерге;
2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт;
3) табигый монополиянын объекттерине карата колдонулбайт;
4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.
5) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу органдарына.
4. Ушул Мыйзамды түшүндүрүү жана аткаруу үчүн зарыл эреже, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылуучу башка ченемдик укук актылар менен белгиленет.