Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 812
Асыл тукум жаныбарларынын генетикалык ресурстарын өнүктүрүү жана сактоо чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, генофонддук чарбаларды түзүү, породалардын тектик жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү механизми жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү үчүн финансылык каражат караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөндөгү жоопкерчиликтер жүктөлсүн:
- мал чарбасындагы асыл тукумдуу иштин субъекттерин субсидиялоого бөлүнүүчү бюджеттик каражатты максаттуу пайдалануу жана бөлүштүрүү үчүн;
- асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө субсидия бөлүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалыматтар жана эсептер, анын ичинде сатылган жаныбарлардын базар баасынын көрсөткүчтөрү туура, документ менен таризделип берилиши үчүн.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттердин 2017-жылдын 1-январындагы абалына карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу (узартуу) маселесин карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган чарбалык субъекттерге мамлекеттик субсидия берүү механизми жөнүндө ЖОБО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо айыл чарба жаныбарларынын генетикалык ресурстарын сактоого жана өнүктүрүүгө, породалык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга карата колдонулат.
2. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
- асыл тукум карточкасы - асыл тукум жаныбарын эсепке алуунун формасы;
- тубар жаныбарлардын саны - төл алуу үчүн пайдаланылуучу, төл берүүгө жашы жетилген ургаачы жаныбарлардын саны;
- асыл тукум күбөлүгү - жаныбардын ушул түрүнүн асыл тукумдук баалуулугун тастыктаган документ.
2-бөлүм. Субсидия алуучулар
3. Мамлекеттик субсидия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган асыл тукум мал чарбасындагы субъекттерге гана берилет.
3-бөлүм. Субсидия берүүнүн тартиби
4. Сатылган асыл тукум жаныбарлары үчүн мамлекеттик субсидия алууга талап кылынган документтердин тизмеси:
- ушул Жобонун 1-тиркемесиндеги формага ылайык, асыл тукум мал чарба субъектисинин арызы;
- ушул Жобонун 2-тиркемесиндеги формага ылайык, райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын асыл тукум жаныбарлары бар деген сунушу;
- аймактагы чарбада инфекциялык жана өтө жугуштуу ылаңдардын жок экендиги жөнүндө ветеринардык маалымкат;
- ушул Жобонун 3-тиркемесиндеги формага ылайык, асыл тукум мал чарба субъектисинин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлган, акыркы үч жылда сатылган малдын саны жөнүндө маалымат;