Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 752
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (ТF0А5602) сунушталган долбоорун даярдоого ЕСАРDЕV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (ТF0А5602) сунушталган долбоорун даярдоого ЕСАРDЕV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банкка) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 752 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу каты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
Долбоордун максаты "Digital CASA" сунушталган долбоорду даярдоого көмөктөшүү болуп саналат.
Долбоор төмөнкүдөй иштин түрлөрүнөн турат:
- Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн уюштуруу жана күнүмдүк ишин, анын ичинде фидуциардык, финансылык, мониторинг жана баалоо ишин жүргүзүү, зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоо механизмдерин түзүү жана ушул максаттар үчүн керектүү персонал алуу;