Редакцияот 08.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-декабры № 797

"Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

С.Исаков

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныкталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жана көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 797 токтому менен жактырылган

Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган.

Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.