Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры № 798
Саламаттык сактоо тармагында адистерди даярдоо сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ординатура жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Интернатура жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Клиникалык ординатура жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Ординатура жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ординатура жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча ординатурада адамдарды даярдоо тартибин регламенттейт.
2. Медициналык жана фармацевттик билим берүүнүн дипломдон кийинки деңгээлинде адистерди даярдоону менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жалпы координациялайт.
3. Ординатура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ординатурадан өтүү каралган медициналык адистиктердин тизмесине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки окутуунун адистештирилген жана тереңдетилген деңгээли болуп саналат.
4. Клиникалык ординатуранын милдети билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жана практикадан өтүп жаткан адистердин теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
5. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
- компетенциялардын каталогу - ординатор тандаган адистиги боюнча даярдоо мөөнөтүнүн аягында ээ болууга тийиш болгон жалпы жана кесиптик компетенциялардын тизмеги;
- клиникалык база - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган клиникалык база катары белгилеген саламаттык сактоо уюму, ал медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыздайт жана пациенттерге медициналык-санитардык жардам көрсөтөт;
- клиникалык жетекчи - ординаторду практикалык даярдоого жооптуу болгон саламаттык сактоо уюмунун квалификациялуу медициналык адиси;
- клиникалык адистик - иши пациенттерге практикалык медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө байланыштуу врачтын адистиги. Клиникалык адистиктердин тизмегин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт жана бекитет;
- клиникалык эмес адистик - клиникалык адистиктерге кирбеген медицина жана фармация чөйрөсүндөгү адистиктер;
- жалпы дарыгердик практиканын врачы/үй-бүлөлүк дарыгер - бул баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү үчүн көп профилдүү атайын даярдоодон өткөн врач;
- бир багыттагы адистешкен врач (бир багыттагы адис) - бул медицинанын бир конкреттүү багытына адистешкен жана ушул багыт боюнча сертификаты бар врач;