Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген |
Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү
Эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 10-июлундагы № 378, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2021-жылдын 12-августу № 125, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344, 2025-жылдын 14-августундагы № 497, 2025-жылдын 20-августундагы № 509, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү категориялардагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүүгө квалификациялык сынактарды өткөрүү жана тапшыруу тартибин белгилейт, ошондой эле сынактарды өткөрүү үчүн арналган контролдоочу техникалык каражаттардын курамын, көрсөтүлгөн техникалык каражаттарга коюлуучу талаптарды, аларды колдонуу шарттарын аныктайт, улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тиешелүү талаптарына ылайык келген улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр берилет.
3. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу жана чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүн алмашуу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери алмаштырып бергендиги үчүн консулдук кызмат көрсөтүүгө каражат алуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттар алынат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү квалификациялык сынактарды тапшыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу же алмаштыруу үчүн документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документке барабар.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августу № 125, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "А", "А1", "В", "В1", "С", "С1", "D", "D1", "ВЕ", "СЕ", "DE" "С1Е" жана "D1E" графаларында уруксат берүүчү белгилери бар айдоочулук күбөлүктөр тиешелүү категориядагы жана (категориячадагы) транспорт каражаттарын жана транспорт каражаттарынын курамын башкарууга укугу бар экенин тастыктап турат:
1) "А" - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашык жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашык мотоциклдер - он алты жашка толгон адамдарга;