Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 18-декабры № 819
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн бирдиктүү тартибин киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.
1-1. 2016-жылдын 1-январына чейин окутуудан өткөн жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча сынак тапшыруу үчүн келбеген адамдар окутулганы жөнүндө күбөлүктү көрсөтүү менен кайра окутуудан өтүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө: