Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген |
Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344,
2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер тракторлорду, башка өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга квалификациялык сынак өткөрүү жана тапшыруу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, ошондой эле эсепке алуу формаларын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга квалификациялык сынак кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. "А", "В", "Г" графаларындагы уруксат берүүчү белгилери бар тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү категориялардагы тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунун бар экендигин тастыктайт:
1) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар 77,2 кВт чейинки кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
2) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор 77,2 кВт жогору кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейин ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз бир жыл тракторист-машинист иш стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
3) мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз эки жыл тракторист-машинист иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)