Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 557
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1 - берене
Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2 - берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына билдирсин.
3 - берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын «13_»сентябрындагы
№ 557 токтому менен жактырылган