Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры № 804
"Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Исаков |
1-берене.
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарабына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 804 токтому менен жактырылган |
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат.