Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-августу № 379

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 81-беренесине, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

М. Абылгазиев