Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 11-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417, 2024-жылдын 27-августундагы № 529, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 766, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 782, 2025-жылдын 25-мартындагы № 147, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 234, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Колдонмо мамлекеттик бюджетинин аткаруунун ачык-айкындуулугун, түшүүлөрдүн сапаттуу жана так эсебин жүргүзүүнү, бюджеттик каражаттарды уурдоого жол бербөөнү камсыздоо максатында иштелип чыкты.
2. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын реестрине ылайык (мындан ары - Реестр) (1-тиркеме) Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин аныктайт жана аккумуляциялоочу эсептерди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына тапшырат жана бюджетке түшүүлөрдү аккумуляциялоону камсыздайт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы коддорду ыйгарууну жана Реестрге жана Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн берилген тизмесине ылайык казыналык системада аккумуляцияланган эсептерди ачууну камсыздайт.
4. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору:
- аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин түзүшөт;
- фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана финансылык жылдарга бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды түзүшөт жана беришет;
- жыйынды бюджеттик отчетторду түзүшөт жана беришет;
- бюджеттик системанын кирешелери болуп саналган ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) төлөмдөрдүн, алар боюнча туумдардын жана айыптардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө, чегерилишине, эсепке алынышына, өндүрүлүшүнө жана аларды кайтарып алуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына контроль жүргүзүшөт;
- бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте маалыматтарды жана бюджеттик отчетторду беришет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары менен бюджеттин аткарылышы боюнча ресурстардын иш жүзүндөгү түшүүлөрүн салыштырып текшерүү актысын бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте түзүшөт.
6. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун түзүмү жана алардын функциялары өзгөргөн учурда бюджеттин ресурстарынын администраторлору ушул Колдонмонун 1-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизишет.