Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика 2018-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктайт.
2. Мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) - бул башталгыч кесиптик билим берүүнүн деңгээлине, мазмунуна жана сапатына карата талаптардын жыйындысы.
2-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү
3. Чыгымдардын ченемдери төмөнкүлөргө жумшалуучу учурдагы чыгымдарды камтыйт:
- персоналдын эмгегине акы төлөөгө;
- окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга;
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга;
- окуучулардын тамактануусуна;
- стипендияларды төлөөгө;
- жумуштан бошонуу жөлөкпулуна;