Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 22-ноябры № 545
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоонун методикасы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2018-жылга бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - Типтүү ченемдер), 2-тиркемеге ылайык;
- Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
- Ченемдик каржылоо механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин тизмеси, 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 4-тиркемесинде аталган мамлекеттик кесиптик лицейлерден тышкары, мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык окуучулардын саны менен аныкталары жана экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен бекитилери;
- ченемдик каржылоо шарттарында мамлекеттик кесиптик лицейлер окуучулардын санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык эсептелген, бекитилген бюджеттин чегинде өбөлгөлөөчү эмгек акы төлөө фондун түзө алышары. Мында өбөлгөлөөчү эмгек акы төлөө фондунун каражаттары мамлекеттик кесиптик лицейлердин персоналын ишинин натыйжасы жана сапаты үчүн материалдык өбөлгөлөөгө жумшалат;
- ченемдик каржылоо шарттарында мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин штаттык санын түзүү окуучулардын санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык эсептелген, бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлөрү;
- Бишкек шаарынын № 20, 91, 94 мамлекеттик кесиптик лицейлеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө байланышкан чыгымдарын жабууга бюджеттик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жогорулатылган тарифтерди эске алуучу 2,5 жогорулатылган коэффициенти колдонулары;