Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 токтомуна |
Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби (мындан ары - Тартип) республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген формалар боюнча аныкталат.
2-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоо көлөмдөрүн түзүү
3. Ченемдик каржылоого өткөрүлгөн мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик чыгымдары кесиптер, окутуу мөөнөттөрү жана курстары боюнча окуучулардын санына жана 2018-жылга бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине (мында ары - чыгымдардын ченеми) ылайык аныкталат.
4. Мамлекеттик кесиптик лицей республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү кесиптер, окутуу мөөнөттөрү жана курстары боюнча окуучулардын санынын жана чыгымдардын ченеминин негизинде төмөнкү формула боюнча эсептейт:
- i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө.
4.1. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүнү кошкондо, i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүнү кошкондо, j-кесиптер, окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын ченеми;
- учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата j-кесиптер, окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерде окугандардын саны;
- стационардык ашканалар болгон учурда ашпозчулардын жана ашкана жумушчуларынын эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган эмгек акы төлөө фондуна карата 1,04 жогорулатылган коэффициент;
- жатакана болгон учурда жатакананын жумушчуларынын эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган эмгек акы төлөө фондуна карата 1,06 жогорулатылган коэффициент;