Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 25-июлу № 154
Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана коомдук ынтымактыкка жетишүү максатында Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк тутумунун жана механизминин уюштурулушунун, иштөөсүнүн, чыңдалышынын, өнүгүшүнүн укуктук негиздерин белгилейт.
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар.
(Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак.
(Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси.
Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн.
Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт.
Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби.
Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери.
Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат.
Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси– кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери
Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Ушул Мыйзамдын күчү менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөргө, алардын бирикмелерине, кесиптик бирликтердин жана алардын өкүлчүлүктүү органдарынын мүчөлүгүнө карабастан уюмдардын бардык кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери
Социалдык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негизги принциптерде түзүлөт.
Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) үч жактуулук (республикалык деңгээлде, тармактын жана кесиптин деңгээлинде кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык диалогго мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттүү катышуусу);
2) социалдык өнөктөштүктү Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында жана сунуштамаларында бекитилген эл аралык эмгек стандарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө жана ишке ашырууга багыттоо;
3) социалдык өнөктөштөрдүн өз алдынчалыгы, анын ичинде өзүн-өзү уюштуруунун формаларын жана тартибин тандоонун, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү шайлоонун, ошондой эле аталган жол-жоболорго мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн өз алдынчалыгы;
4) социалдык өнөктөштөрдүн теңдиги жана макулдашуулардын ыктыярдуу мүнөзү;
5) социалдык өнөктөштөрдүн ак ниеттүүлүгү, анын ичинде бири-биринин сүйлөшүү позициясын бузууга жана баркын түшүрүүгө жол берилбестик, социалдык диалогдун тараптарынын толук өз ара маалымдалышы, коом же бардык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон маселелердин ачык-айкындуулугу, социалдык өнөктөштөрдүн аракеттеринин алардын билдирген максаттарына шайкештиги, сүйлөшүүлөрдү баштоодон, улантуудан же консенсуска жетишилген шарттарда макулдашуу түзүүдөн качууга, этибар албоого жана/же баш тартууга жол берилбестик, социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашууларды түзүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектөөгө жол берилбестик;
6) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштөрдүн ишинин ачык-айкындуулугу, республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган макулдашуулардын тексттерин, кол коюлган макулдашуулардын ишке кириши менен кызматкерлерди камтуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгү;
7) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде макулдашууларды түзүүдө колдонуудагы эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу социалдык-эмгек стандарттарын колдоонун же жогорулатуунун артыкчылыгы;
8) макулдашуулардын аткарылышынын милдеттүүлүгү жана кабыл алынган милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартууга жол берилбестик, макулдашууларды бузгандарга карата социалдык өнөктөштөрдүн таасир этүү чараларынын шайкештиги жана адекваттуулугу;
9) бардык деңгээлдердеги социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүүчү адамдарга карата басмырлоого жана зомбулукка жол берилбестик;
10) иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги;
11) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк жана социалдык диалог үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мамлекеттин жоопкерчилиги.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери
Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканын, региондордун жана экономика тармактарынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
- социалдык-эмгек жана аларга байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун майнаптуу механизмин түзүү;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул мыйзамга ылайык социалдык өнөктөштүк тараптарынын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөрдү, өз ара консультацияларды өткөрүү, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү;
- жамааттык эмгек талаш-тартыштарын болтурбоо жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;
- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам базасын өркүндөтүү;
- иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин жана кесиптик бирликтерди андан ары өнүктүрүү жагынан социалдык өнөктөштөр катары алардын ролун күчөтүү.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Социалдык өнөктөштүктүн иштөө негиздери
Социалдык өнөктөштүк төмөнкүлөрдүн негизинде иштейт:
- социалдык өнөктөштүктүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр;
- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү, социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумунун деңгээлдери
Социалдык өнөктөштүк тутуму төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт:
- Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү республикалык деңгээлди;
- тармактагы эмгек чөйрөсүнүн социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салууну белгилөөчү тармактык деңгээлди;
- администрациялык-аймактык бирдиктин деңгээлинде эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү аймактык (областтык, шаардык, райондук) деңгээлди;
- кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек чөйрөсүндөгү өз ара айкын милдеттенмелерди белгилөөчү уюштуруу денгээлин.
8-статья. Социалдык өнөктөштүктү республикалык деңгээлде уюштуруу
Республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүк туруктуу иштөөчү орган болуп саналган жана тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнөн, кесиптик бирликтер бирикмелеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн бириктирүүчү иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Республикалык үч тараптуу комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Республикалык үч тараптуу комиссиянын ыйгарым укуктары
Республикалык үч тараптуу комиссиянын иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана башкы макулдашууну түзүү, бул макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;
- социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында экономикалык кайра түзүүлөрдүн социалдык багыттагы саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- жамааттык келишимдерди, аймактык, тармактык (тармактар аралык) макулдашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жер-жерлерде түзүлүүчү жумушчу органдары жана топтору аркылуу аларды иштеп чыгууга катышуу;
- аймактык, тармактын (тармактар аралык) макулдашууларды иштеп чыгуунун, түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүү;
- Кыргыз Республикасында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактардын) алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана аларды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
- социалдык-эмгек маселелери жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;
- республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Республикалык үч тараптуу комиссиянын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- өзүнүн иш-милдеттерине кирген, мамлекеттик бийлик органдарынын, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин кароосу үчүн милдеттүү болгон маселелер боюнча чечимдер кабыл алуу;
- башкы жана башка макулдашууларда, жамааттык келишимдерде (областтык, райондук жана жергиликтүү) каралган милдеттенмелерди тараптардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктүн акттарын аткарбаган уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатындагы чет өлкөлүк тийиштүү уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу, Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында эл аралык эмгек ченемдерин ратификациялоого жана колдонууга байланышкан консультацияларды өткөрүү.
Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө келип чыккан тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер комиссия жөнүндө жободо каралган тартипте өз ара консультациялардын негизинде чечилет.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу
Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Республикалык да, аймактык да деңгээлдердеги тармактык комиссия консультациялар, сүйлөшүүлөр өткөрүү, тармактык макулдашуулардын долбоорлорун жана алардын корутундуларын даярдоо жолу менен социалдык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын ылайыкташтырууну камсыз кылуу боюнча орган болуп саналат.
Мамлекеттик тийиштүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирген тармактык комиссиянын курамы тараптар тарабынан аныкталат.
Тармактык комиссиялардын иши комиссиялар тарабынан бекитилген бул комиссиялар жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу
Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча областтык, шаардык, райондук комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аймактык деңгээлде тараптардын мамилелерин жөнгө салуунун жүйөсү болуп ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан социалдык-эмгектик мамилелер, турмуш-тиричилик шарттары, кепилдиктер жана жеңилдиктер саналат.
Аймактык комиссиялар социалдык өнөктөштүк тараптарынын төмөнкүдөй талаптарынын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (органдарынын) же мамлекеттик аткаруу бийлик органынын, кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин же аларды координациялоочу органдын сунуштамасы боюнча теңдештик негизде түзүлөт жана комиссиялар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
12-статья. Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктары
Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- тармактык жана аймактык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу жана тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу;
- социалдык жана экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча тараптардын көз караштарын макулдашуу;
- өзүнүн жыйналыштарында социалдык-эмгектик мамилелер жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү проблемаларын кароо;
- тармактык жана аймактык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууда, аталган макулдашууларды ишке ашырууда, ошондой эле комиссиянын чечимдерин аткарууда мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин кызыкчылыктарын макулдашуу;
- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдөн жана (же) кызматкерлердин өкүлдөрүнөн түзүлүп жаткан жана түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалыматты суратып алуу;
- окумуштууларды жана адистерди тартуу менен жумушчу топторун түзүү;
- тармактык жана аймактык комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүүлүгүнө жараша аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди чакыруу;
- тармактык жана аймактык комиссиялар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн кароосу жана аткаруусу үчүн милдеттүү болгон биргелешкен чечимдерди кабыл алуу жана өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- социалдык жана эмгек мамилелери жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча эл аралык, республикалык, региондор аралык кеңешмелерди, конференцияларды, конгресстерди, семинарларды өткөрүүгө катышуу.
13-статья. Мамлекет аралык финансы-өнөр жай топтору, улут аралык корпорациялар, чет өлкө капиталынын үлүшү бар ишканалар иштеп жаткан шартта социалдык өнөктөштүктү уюштуруу
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумун каржылоону камсыз кылуу
Социалдык өнөктөштүк тутумун өнүктүрүүнү каржылоо биргелешкен чечимдердин жана бекитилген пландардын негизинде социалдык енөктөштүктүн тиешелүү тараптарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Социалдык өнөктөштүк тутумун уюштуруучулук, маалыматтык-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бюджеттик каржылоонун чегинде социалдык өнөктөштүктүн тиешелүү тараптары жүзөгө ашырат.
141-статья. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп Эмгек кодексине, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюштуруу документтерине жана локалдуу ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүүдө же өзгөртүүдө, аларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын иш берүүчүлөрдүн тиешелүү бирикмелери көрсөтөт.